Мордовияда көп балалуу эне кызын сактайм деп каза болуп, он баласы апасыз калды. Бул тууралуу республиканын башчысы Артем Здунов өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Маалыматка караганда, жекшемби күнү Юдинцевдин үй-бүлөсү Ковылькинский районундагы Мокша дарыясына эс алууга барышкан. Үй-бүлөнүн атасы палаткада болсо, апасы Наталья балдары менен сууга түшкөнү кеткен.
13 жаштагы кызы Алиса сууга түшүп жатып чөгүп баштаган. Наталья жана анын улуу кызы Анастасия жардам берүүгө аракет кылган. Экөө кызды сактап калууга жетишкен, бирок өздөрү суудан чыга албай калышкан. Кесепетинен апасы менен улуу кызы каза болгон. Үй-бүлөдө он бала калды, эң кичүүсү бир жашка чыга элек.
Артем Здунов бийлик кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө аларын билдирди. Юдинцевдин чоң үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлүп, камкордук көрүлөт деп ишендирди. Ошондой эле облус жетекчиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.