Сауд Арабияда 20 жылдан бери комада жаткан ханзаада Аль-Валид бин Халед ибн Таляль аль Сауд 36 жашында каза болду. Уулунун каза болгонун атасы билдирди.
2005-жылы Сауд ханзаадасы Лондондо жол кырсыкка кабылган. Падышалык үй-бүлө мүчөсү башынан оор жаракат алган. Ал кезде ал болгону 16 жашта болчу.
Оор жаракаттан кийин Аль-Валид эсине келген эмес. Ал Эр-Рияддагы клиникада 20 жыл комада жаткан. ЖМКлар дарыгерлер үй-бүлөгө ханзааданын абалы үмүтсүз экенин эскерткенин жазышкан. Бирок атасы уулун жашоону камсыз кылуучу аппараттардан ажыратпоону талап кылган.