2020 – тарыхтагы эң начар жыл. Америкалык “Тайм” журналы жаңы санын жарыялап, анын башкы бетинде 2020-жылды тарыхтагы эң начар жыл деп атаган. Мындай аталыштагы макаланы жазуу кино сынчыга берилген. “Эгерде 2020-жыл кино болсо, анда сиз аны 20 мүнөттөн кийин эле көрбөй коймоксуз”, — деп жазган автор. Анын айтымында, кошмо штататтарда мындан да оор жылдар болгон, бирок эч бир жаран коронавирус пандемиясынан улам башынан өткөргөндү өткөрүп көрө элек болчу. Бул пикирге бир эле АКШ эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрү да кошулат чыгар.
Казакстанда терезеден балдарын түртүп, өзү секирген келин. 1,5 жаштагы баланын бөйрөгү алынды
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....