Баньуванги портунан (Чыгыш Ява) Бали аралына бараткан KMP Tunu Pratama Jaya парому Индонезияда чөгүп кетти. Кемеде 65 адам болгон. Алардын 53ү жүргүнчүлөр жана 12си экипаж мүчөсү. Кемеде ошондой эле 22 унаа болгон.
Куткаруучулардын маалыматына караганда, 23 адам куткарылып, 4 адамдын жансыз денеси табылган. Калган 38 адам дайынсыз болуп жатат.
Кырсыктын себеби тактала элек.