Дүйнөдөгү эң кары марафончу Фауджа Сингх Индияда көз жумду. CNN билдиргендей, ал 114 жашта болгон.
Сингх үйүнүн жанындагы жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен. Спортчу ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракаттарынан каза болуп калган. Полиция кылмышкерди издеп жатат.
Сингх 1911-жылы Индияда төрөлгөн деп айтылат. Ал буту алсыз болгондуктан беш жашка чейин баса албай, көп жылдар бою чуркоо жөнүндө ойлогон да эмес. Марафондорго 89 жашында гана киришкен. Ал учурда аялы менен уулунан ажырап, Лондонго көчүп кеткен.
Ал өзүнүн биринчи марафонун 2000-жылы чуркаган. Үч жылдан кийин ал 5 саат 40 мүнөттө эң мыкты көрсөткүчкө жетишкен. 2011-жылы ал жүз жаштагы биринчи марафончу болгон. 2012-жылы Сингх Лондон Олимпиадасында факелди алып жүрүү сыймыгына ээ болгон. Бир жылдан кийин 101 жашында спорттук карьерасын аяктаган. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан Гиннесстин рекорддор китебине кирген эмес.