Индиялык Лалит Патидар аттуу өспүрүм эркектер арасындагы эң түктүү беттин ээси катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, өспүрүм өтө сейрек кездешүүчү оору болгон гипертрихоз менен жабыркайт.
Өзүнүн адаттан тыш көрүнүшүнө карабастан, Лалит сырткы келбетине кабатырланбай, өзүн толугу менен кабыл алганын айтат. Буга чейин ал көптөгөн сыноолордон өткөн: классташтары аны дароо кабыл алышкан эмес. Бирок кийинчерээк алар түктүү беттин артында кадимкидей эле адам турганын түшүнүшкөн. «Менин келбетим менен эле айырмаланбасам, кадимки эле адаммын»,- дейт ал. Ал бетиндеги түктөрдү алдырып салуу планында жок экенин айтты.
Социалдык тармактарда Астанада тартылган видео тараган. Анда көкүрөгү орден-медалга толгон улгайган адам коопсуздук кызматкерлеринен аны аскердик параддын трибунасына киргизүүнү суранып...
Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен жолугушту. Жолугушуу Кадыров отставкага кетүүсүн суранып жатканын билдиргенден кийин болду....
Сеулда 20-кабаттан кулайын деген кызды чачынан кармап, куткарып калышты. Бул тууралуу Baza жазды. Окуя Каннамгу станциясында болгон. Кыз 20 кабаттуу...
Индиянын Пакистандагы аба соккуларынан каза болгондордун саны 26га жетип, дагы 46сы жаракат алды. Бул тууралуу Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз...
Индия Пакистанга жана Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймактарына сокку урганын билдирди. "Индиянын куралдуу күчтөрү Пакистан жана Пакистан басып алган Жамму жана...