«Рейтер» агенттиги Газа тилкесиндеги медициналык булактарга таянуу менен Израилдин аба күчтөрүнүн Газага жасаган соккусунан кеминде 100 адам, анын ичинде көп сандаган балдар каза болгонун кабарлады.
AFP агенттиги куткаруучуларга таянып, 66 адам каза болуп, 150 адам жаракат алганын билдирди.
Израиль армиясы 18-мартка караган түнү Палестинанын ХАМАС кыймылын АКШнын 19-январында күчүнө кирген ок атышпоо келишимин узартуу сунушунан баш тартканы үчүн айыптап, Газа тилкесине массалык соккуларды жасай баштады. Израилдин бул ниети тууралуу АКШ бийлигине алдын ала кабарлашкан.