Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыктан кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
«Кырсыктын кесепетинен 10 жаран каза болуп, 14 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.
Жүк ташуучу унаа башка унааларды жана үйлөрдү сүзгөн. Окуяга тормоздун иштебей калышы себеп болгон.