Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү планын жарыялап, Январь окуясынын катышуучуларына мунапыс жарыяланарын убада кылды. Бул тууралуу Tengrinews агенттиги билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Казакстан Республикасынын башчысы мунапыс оор кылмыштар үчүн айыпталбаган жарандарга тиешелүү болорун белгиледи. «Мунапыс массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан жана мамлекеттик чыккынчылык жана бийликти күч менен алмаштыруу аракети боюнча айыпталган негизги айыпкерлерге таасирин тийгизбейт», — деди Касым-Жомарт Токаев.