2-июлда Акмола облусунун Зеренда районундагы Кызылсай айылында 13 жаштагы өспүрүмдүн жакындары анын жансыз денесин ашканадан табышкан. Полиция өлүмдүн себебин иликтеп жатат.
Акмола облустук ички иштер башкармалыгы жашы жете элек баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Социалдык тармактарда трагедия кызуу талкууланууда. Версиялардын бирине ылайык, өспүрүм уулануудан каза болушу мүмкүн экени айтылып жатат.