Кечээ, 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышты. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Айрым митингчилер жол тосууга дейре барышкан. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Невозможно загрузить видео из-за сетевого или серверного сбоя либо формат не поддерживается.
Начало диалоговго окна. Кнопка Escape закроет или отменит окно
Конец диалогового окна.
1-январдан тарта газдын баасы жогорудагы шаарда 120 теңгеге өскөн. Митингге чыккандар анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышууда. Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө Казакстанда газга болгон баа өсүп жатканы, бааны арзандатуу мүмкүн эместиги жазылган.
Бүгүн, 3-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырдаалга реакциясын билдирип, өкмөткө тез аранын ичинде Жаңы-Өзөндөгү окуяны экономикалык максатка ылайык жана укуктук тартипте карап чыгууну тапшырды. Азыркы тапта Мангистау облусунда суюлтулган гыздын бир литри 120 теңгеден 85-90 теңгеге арзандады.
Кытайда электромотоцикл менен дубалды сүзгөн эки өспүрүм көз жумду. Маалыматка караганда, алар электромотоцикл окуя болгонго чейин бир күн мурда сатып...
Ушул жылдын 7-мартында Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын...