Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкерлигин коёт. Бул тууралуу өзү X социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Спортчу президенттик шайлоого катышуу планы бар экенин былтыр сентябрдын башында кыйыткан. «Ирландия, тандоо сенде. Мага президент катары добуш бер, биз Ирландияны бирге сактап калабыз», — деп жазган мушкер.
Кийинки президенттик шайлоо 2025-жылдын 11-ноябрында өтөт. Ирландияда президент жалпы шайлоо аркылуу жети жылдык мөөнөткө шайланат.