Кытайдагы эне эки уулун 11 миң 600 доллардан ашык акчага сатып, ал акчаны стримерлерге жана кийим сатып алууга короткон. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Хуан бакма кыз болгон, ага үй-бүлөдө кам көрүлбөгөндүктөн үйдөн эрте чыгып кеткен. 2020-жылдын октябрь айында ал биринчи уулун төрөп, каржы маселесинен улам уулун 6,3 миң долларга саткан. Хуан бардык акчаны стримерлерге белекке жумшаган.
Акчасы түгөнүп калганда сатуу үчүн кайра эне болууну чечет. 2022-жылы ал экинчи уул төрөп, аны 5300 долларга саткан. Кыз алган акчасын кайра стимерлерге жана кийим-кечеге жумшаган. Хуандын өзү алдамчылык жана адам сатуу боюнча беш жыл эки айга эркинен ажыратылган.
Стриммер – интернетте онлайн берүүлөрдү (стримдерди) жүргүзгөн адам.











