Түштүк Кореянын Почхон шаарына жакын жердеги айылга аскерлер кокусунан бомба таштап алышты. Анын кесепетинен жети адам жабыркаганын YonhapNews агенттиги жазды.
Жергиликтүү бийликтегилердин айтымында, 6-март күнү саат 10:00дөр чамасында Сеулдан 43 чакырым түндүктө жайгашкан айылга снаряд түшүп, жети адам жабыркап, айылдагы бир нече имараттар талкаланган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Аскердик Аскердик Аба күчтөрүнө таандык согуштук учак машыгуу учурунда бомбаны кокусунан таштап алган.
MK-82 бомба имараттарды жана көпүрөлөрдү жок кылуу үчүн иштелип чыккан. Бир бомбанын жарылуу радиусу болжол менен футбол талаасынын көлөмүнө барабар.