Түштүк Кореяда 16-июлдан бери жааган жамгыр жана жер көчкү кеминде 17 адамдын өмүрүн алып, 11 адам дайынсыз болуп жатканын Yonhap агенттиги өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Табигый кырсык 2000ден ашык имаратка жана айыл чарба жерлерине зыян келтирген. Санчхондун түштүк району эң көп зыян тартты, 10 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз болуп жатат. Аймакта куткаруу иштери уланууда, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.
Аба ырайынын начарлашынан улам 13 миңден ашуун адам эвакуацияланып, 15 шаар жана провинцияда коопсуз аймактарга жайгаштырылды. 62 авиа каттам токтотулду.