Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө 198 тонна таштанды чыгарылды
20-ноябрда Бишкек шаарында ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү жыйынтыкталды.
Таштандыларды чыгарууга жалпы 35 атайын техника тартылды. Алардын ичинен 8и таштанды ташуучу унаалар, калгандары самосвалдар. Бир күндүн ичинде жалпысынан 198 тонна таштанды чыгарылды. Күн ичинде борбор калаанын төрт районунда тең «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүштү. Мындай масштабдуу акциянын негизги максаты — шаар тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү.
21-ноябрда, акциянын экинчи жана акыркы күнү өткөрүлөт. Таштандыларды чыгаруу иштери саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.