Милиция кызматкерлери Бишкектеги мушташка шектүү эки жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д. кармалган. Милиция тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
- Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти. Депутат Жаныбек Абиров өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.
- Буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.