Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мамлекеттик сыйлык тапшырып жатат.
Сыйлык тапшыруу аземинде Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган спортчу Акжол Махмудов сөз сүйлөдү. «Биздин мекенибиз өнүгүп-өссүн. Келерки Олимпиадага мындан да жакшы шарттар түзүлсүн. Жаштарыбыз өсүп келе жатат. Мен ойлойм, келерки Олимпиада биз үчүн тарыхтагы эң биринчи алтын келет деп ойлойм»,— деди ал.