Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына катышат.
Кыргызстандын курамасы биринчи оюнун 12-февралда Австралиянын жаштар курамасына каршы өткөрөт. Андан соң 15-февралда турнирдин кожоюндары – Кытай курамасы менен ойнойт. Ал эми топтук баскычты 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.
Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшөт. Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат.
Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.