Кыргызстандык Максим Гордеев Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында өз оюнун жыйынтыктады.
16-февралда ал тоо лыжасынын слалом түрү боюнча мелдешке чыккан. Биринчи аракетте 88 спортчу мелдешти. Анын 31и аягына чыга алган жок. Алардын арасында кыргызстандык да бар. Лыжачы желекчелерден буйтап бара жатып, жыгылып калды.
Мелдештен кийин ал кулап калуу себептерине токтолду. «Машыгуу учурунда тиземди оорутуп алгам. Эртең менентен бери ыңгайсыздык пайда болду, бирок мелдеште оору басаңдайт деп ойлогом. Мен дистанциянын биринчи бөлүгүн өттүм, бутум катуу ооруп баштады, андан ары бурулуштарды жасоого мүмкүнчүлүк бербей койду. Бутум денемдин оордугун көтөрө албай жыгылдым. Биздин өлкөнүн жарандары ынтымактуу экенибизге кубанычтамын. Мен тапшырманы аткара албаганыма абдан капа болдум», — деди ал.