Акжол Махмудов Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү баштады. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.
1/16 финалдык беттеште Махмудов Норвегиядан барган спортчу менен беттешти. Норвегиялык 3:0 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок андан кийин кыргызстандык аны жыгып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти.
Махмудовдун кийинки атаандашы Египеттин спортчусу болмокчу.