Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бирге түшкөн сүрөтү позитивдүү ой-пикирлерди жаратууда.
Сүрөттө биринчи катарга Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медаль алган 3 спортчу чыккан. Ал эми алардын аркасынан Олимпиадада туу көтөрүп чыккан спортчулар Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашовду, мыкты беттеш көрсөткөн Айпери Медет кызын, жөө күлүк Дарья Маслованы көрүүгө болот.
Бүгүн, 23-августта өлкө башчы Олимпиада оюндарына катышкан жана медаль алган спортчуларга мамлекеттик сыйлактарды тапшырды.