Кыргызстандын футболчулары Барселона академияларынын дүйнөлүк чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жалал-Абаддагы Барселона академиясынын директору Эр-Улан Абдыкеримов билдирди.
Турнир 25-28-март күндөрү Барселонада (Испания) өтөт.
Турнирге Кыргызстандан 3 команда барат – эки команда 14 жашка чейинки оюнчулардан, бир команда 12 жаштан улуу эместер. «Командаларга Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан келген оюнчулар даярдалган Жалал-Абаддагы академиянын студенттери кирет», — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле, анын айтымында, Бишкекте академиянын курулушу башталып, аны ушул жылдын күзүндө бүтүрүү пландалууда. «Биринчи кезекте административдик имараттарды курууну пландап жатабыз. Ошондой эле 15 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадионубуз болот», — деп кошумчалады ал.