Кечээ, 10-февраль Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин төртүнчү айлампасы жыйынтыкталды. Улуттук курам төртүнчү айлампада төртүнчү командасы менен ойноп 6:5 эсебинде жеңди.
Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан эле. Үчүнчү айлампада Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңген. Бешинчи айлампада Түштүк Кореянын командасы менен ойнойт. Беттеш Бишкек убакыты бүгүн 11-февраль күнү саат 14:00 башталат.