Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга мамлекеттик сыйлык тапшырды.
Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган спортчу Айсулуу Тыныбековага 2-даражадагы «Манас» ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана президент Садыр Жапаровдун атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Ошондой эле, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган Акжол Махмудовго да 2-даражадагы «Манас» ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Токиодогу Олимпиада оюндарындагы коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы «Манас» ордени, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Ото эле коп акча берип салбадывы? Ошончо бергиче 1миллион берсе деле калганын кыйналган уйлорго берсе болмок менин жеке оюм