Кечээ, 20-декабрда Бишкекте Поддубныйдын күрөш лигасынын үчүнчү этабы өттү. Эркин күрөш боюнча 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова менен Орусиянын көп жолку чемпиону Ксения Буракова беттешип, Жуманазарова жеңишке жетти.
Орусиялык балбан буга чейин кыргызстандык спортчу менен беттешүүгө даярдыгы тууралуу айтып берген. «Мен дайыма Махачкалада болуп жатам. Кептин баары биз жигиттер менен спаррингде болгонубузда болуп жатат. Мен Дагестандын жигиттеринен артык эч кимди билбейм. Мен уникалдуу тактиканы жана сүйүктүү бир-эки трюктарды өзүмдүн артыкчылыгым деп эсептейм”, — деген Ксения Буракова.