«ТОКИО-2020». Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.
Беттештин биринчи бөлүгүндө Чобану алгач төрт, андан кийин эки упай алып алдыга чыккан. Ал эми экинчи бөлүктө дагы үч упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.
Мунарбек Сейитбек уулу Бразилияда өтүп жаткан Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда жеңиш менен баштады. Бул...











