Индиянын Гоа штатынын түндүк тарабындагы популярдуу түнкү клубда чыккан өрттүн кесепетинен кеминде 25 адам каза болду. Полициянын маалыматына ылайык, каза болгондордун басымдуу бөлүгү клубдун кызматкерлери болгон.
Күч түзүмдөрү өрттүн себептерин дагы тактап жатышат. Бирок алдын ала маалыматтарга караганда, өрт газ баллондун жарылышынан келип чыккан болушу мүмкүн.
Жергиликтүү полициянын айтымында, өрт 7-декабрга караган түнү Гоадагы эң белгилүү пляждардын бири — Бага пляжындагы түнкү клубда тутанган.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул трагедияга реакция кылды. Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.
Моди ошондой эле Гоанын башкы министри менен сүйлөшкөнүн жана жабыркагандар бардык керектүү жардамды алаарын белгиледи.











