Өткөн дем алыш күндөрү «Оскар» сыйлыгынан тышкары дагы бир престиждүү сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өттү. Brit Awards 2025 Лондондогу O2 аренасында болду.
Көпчүлүктүн көңүлүн жылкынын беткабын кийген берлиндик диджей HorsegiirL өзүнө бурдурду. Кыз эл алдына беткапчан гана чыгат. Ал журналисттин «берлиндик жылкылар башкалардан эмнеси менен айырмаланат?» деген суроого «алар өзгөчө» деп күлүп жооп берген.
Диджей кызды эч ким беткапсыз көргөн эмес, бирок бетинде жашырчу нерсеси болгон үчүн ушундай кадамга барып жатат деп ойлогондор жок эмес.
HorsegiirL 2023-жылы TikTokто популярдуу болгон My Barns My Rules ырынын аркасында атактуу болгон.