Мыйзамсыз акча жүгүртүүнү уюштурган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган жарандар «цыганская почта » деп аталган акча каражаттарын легалдаштыруунун мыйзамсыз каналын жеке баюу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарда эсепке албастан уюштурганы аныкталды.
Т.Р.Р. жана Д.у.А. Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда ар кандай кылмыштуу схемалар аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Орусиядан келип түшкөн жалпы суммасы 20 миллион доллар түзгөн акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен. Кээ бир учурларда алар өз милдеттенмелерин аткарбай, башка бирөөлөрдүн акчасын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.
2024-жылдын май айында А.Л. аттуу Кыргыз жараны жогорудагы адамдарга алмашуу курсу боюнча 2 миллион долларын түзгөн 165 миллион рубль берген. 20-майда эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.